ОШ. Бул жөнүндө 13-декабрь күнү Фергана АКИ-пресс агенттигинде өткөн маалымат жыйынында аталган окуу жайдын жетекчилиги билдирди. Ректор Анвар Исманжанов мырза шаардын Черемышка кичи районунда жайгашкан курулуп бүтө элек үй 2003-жылдан бери Кыргыз-өзбек универистетинин менчигине өткөндүгүнө карабастан март айындагы элдик толкундоолордун учурунда 24 үй-бүлө басып алып, андан бери карай курулуш иштерин жүргүзүп жатышкандыгын билдирди. Бул боюнча жарандык иш 2005-жылдын 20-майында Ош шаардык сотунда каралып, окуу жайдын пайдасына чечим чыгарылган. Бирок соттун чечими өз убагында аткарылган эмес. Окуу жайдын жетекчилиги үйдү басып алуучулардын суроо-талабы менен иш облустук жана Жогорку соттордо каралып, кайра артка шаардык соттун кароосуна кайтарылгандыгын билдирди. Үйдү басып алуучулардын ишин кароо 13-декабрга белгиленген.
Аба ырайы
БИШКЕК. Синоптиктердин айтымында, 14-декабрда Жалалабат, Ош, Баткен жана Чүй өрөөндөрүнүн кээ бир жерлеринде күндүз кар жаайт. Ал эми калган аймактарда жаан-чачындын болушу күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0...-5 градус суук, күндүз +5...+10 градус жылуу.
Талас жергесинде түнкүсүн -3...-8 градуска ал эми Карабуура району боюнча
-9...-14 градуска чейин суук болот. Күндүз +5...+10 градус жылуу.
Жалалабат, Баткен, Ош чөлкөмдөрүндө түнкүсүн -4 градус сууктан +1 градуска чейин жылуу. Күндүз +5...+10 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн -2...-7 градус суук, күндүз +1...+6 градус жылуу.
Тоолуу Нарын аймагында түнкүсүн -21...-26, күндүз -5...-10 градус суук.
Борборубуз Бишкекте түнкүсүн 0...-2 градуска суук болот. Ал эми күндүз +7...+9 градус жылуу болушу күтүлөт.
Кыргызстандагы акыркы жаңылыктарды Бурулкан Сарыгулова, Аманбек Жапаров жана облустук кабарчылар даярдашты.
Редактору Кубат Чекиров.