ЖАЛАЛАБАТ. Облустагы эс алуу жайлардын, мекеме-уюмдардын, республиканын өнөр жай, соода, туризм министрлигинин өкүлдөрү жана ишкерлер катышкан талкууда айтылгандай, киреше берүүчү тармакта сөздөн башка иш жок. Өлкөдө туристтик 4300 фирма катталганы менен чындап иштегени 200. Чет өлкөлүктөрдү «Манас» аба бекетиндеги чек ара, бажы, жолдо МАИ кызматтарынын тажатма текшерүүлөрү, мейманканалардагы ыңгайсыздыктар, одоно мамилелер иренжитет. Өлкөнүн туристтик артыкчылыктарын жадесе коңшу мамлекеттерге жарыялоо жайында эмес. Тармактык министрдин орунбасары Турусбек Мамашев туризмге мамлекеттик көз караш жетишпей, 2006-жылга тармакка 4,5 миллион сом бөлүнгөнүн билдирди. Министрлик чет элден инвестиция тартуу үчүн ишкерлердин долбоорлорун кубаттаарын айтты. Облуста быйыл 48 миң адам эс алып, былтыркыдан 15 миң турист аз келген. Туризмден 3 милион сомдой киреше түшкөн. Облуста Жалалабат курорту, Арстанбап тоосу, Чычкан капчыгайы, Сарычелек өңдүү кооз жайлар менен бир нече тарыхый жайлар бар.