БИШКЕК. 14-декабрда эки күндүк иш сапары менен Кореянын тышкы иштер жана соода министрлигинен делегация Кыргызстанга келери күтүлүп жатат. Министрликтин Европа Бюросунун башкы директору Чой Иль Сонг жетектеген бул делегация тышкы иштер жана соода, өнөр жай, туризм министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыктын багыттарын талкуулаары күтүлүүдө. Бул тууралуу 13-декабрда тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.