Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:06

«Шампанвинкомбинатка» байланыштуу козголгон кылмыш иши токтотулду

БИШКЕК. Кыргызстандагы жоопкерчилиги чектелген «Шампанвинкомбинатына» толугу менен Сергей Ибрагимов аттуу атуул ээлик кылат. Бул тууралуу ишкананын башкы директору Абдымалик Мырзаев 13-декабрда «АКИпресс» агенттигинде уюштурган маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Ибрагимов быйыл июль айында «Жамайка» ишканасынан «Шампанвинкомбинатты» 60миллион сомго сатып алган. Ал эми башкы прокуратуранын бүтүмүнө караганда, 1999-жылы банкрот деп жарыяланган «ШВКны» «Жамайка» тарабынан сатып алууда мыйзам бузуулар катталган эмес. Мындай бүтүм 2005-жылдын 25-октябрында чыгарылган. Анын негизинде өкмөттүн алдындагы каржы полициясы кылмыш ишин токтоткон.
Ишкананын наркын төмөндөтүүгө жол берилген деген негиздеме менен башкы прокуратура 11-майда кылмыш козгогон. Бирок, августта бул иш өкмөттүн карамагындагы каржы полициясынын карамагына берилген.
Белгилеп койчу жагы экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаров бир күн мурда берген маалымат жыйынында ,ал козгоп чыккан «Шампанкомбинат» маселеси өндүү жагдайлардын ачыкталышы анын кызматтан кетишине себепкер болгон.
XS
SM
MD
LG