БИШКЕК. Мекеге зыярат кылууну каалаган кыргызстандык мусулмандар 20-декабрдан кийин сапарга аттанары күтүлүп жатат. Кыргызстандын муфтийи Муратаалы ажы Жумановдун билдиргенине караганда, алардын паспортторуна виза ачуу үчүн Сауд Аравиясынын тышкы иштер министрлигинин консулу Кыргызстанга 15-декабрда келмекчи. Казыяттарга тапшырылган арыздарды эске алганда, быйыл Мекеге баруучулардын саны өткөн жылдагыдай эле 4,5 миңге чамалаш болору болжолдонууда. Ал эми маалымат технологиялары жана ресурстары боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Амангелди Кенжетаевдин билдиргенине караганда, ажыга баруу үчүн жаңы паспорт сурап 300-400 атуул кайрылды. "Аларды паспорт менен өз маалында камсыз кылууга даярбыз", - деди А.Кенжетаев.