Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:16

Паспорттор бериле баштады


БИШКЕК. Паспорт жасап чыгаруучу ишканадан 500 даана паспорт даярдалып, паспортко муктаж атуулдарга бериле баштады. Бул тууралуу Маалымат технологиялар жана ресурстар боюнча Улуттук агенттиктин жетекчиси Амангелди Кенжетаев 13-декабрда “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, өлкө ичинде колдонулуучу паспорттун наркы 1,18 евро же 57 сом 42 тыйын. Ал эми чет өлкөгө чыгуучу паспорттун баасы 6,79 евро, 330 сом 46 тыйынды түзөт. Ушул жылдын 31-декабрында 1974-жылы чыгарылган паспорттордун мөөнөтү бүтөт. Жаңы паспорттор 16 жашка толгондорго, эски паспортун алмаштыгандарга жана муктаждарга берилет. Паспортторду Молдованын “Регистру” мамлекеттик ишканасы чыгара баштады.

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында паспорт жасап чыгаруу боюнча Түштүк Кореянын Venture C&C Plasa компаниясы менен түзүлгөн келишим кыргыз өкмөтү тарабынан өткөн айда токтотулган.

XS
SM
MD
LG