БИШКЕК. №8 Түндүк шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмесин текшерүү иштери өткөн аптадан бери уланып жатат. Бул тууралуу 13-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы кабарлады. БШК 8-декабрдагы отурумунда талапкерлердин арыздарынын негизинде округдагы бардык участоктордогу шайлоочулардын тизмесин ачып, текшерип чыгуу чечимин кабыл алып, жумушчу топ түзгөн. Жумушчу топтун ишине талапкерлерден өкүлдөр байкоочулук кылууда. Талапкерлер Роза Отунбаева, Талгарбек Момуналиев жана Бакыт Керимбеков 18 участоктун 16 сында мыйзам бузулду деп даттанышкан. 27-ноябрда өткөн парламентик шайлоонун жыйынтыгы боюнча Жаныш Кудайбергенов 52, 42% добуш алып, алдыга чыккан. Белгисиз адам тарабынан атып өлтүрүлгөн экс депутат Жыргалбек Сурабалдиевдин ордуна депутаттыкка 8 талапкер ат салышкан.