БИШКЕК. “Пирамида” телерадиокоманиясына байланыштуу маселеге президент Курманбек Бакиевдин эч кандай тиешеси жок. Бул тууралуу вице-премьер-министр Адахан Мадумаров 13-декабрда “Пирамида” телекомпаниясынын жана “Медиа-Инвесттин”өкүлдөрү менен болгон жолугушууда билдирди.
"Пирамидага" байланыштуу талаш маселени юридикалык жол менен сот аркылуу чечүүңөр керек. Ал эми аталган телекомпаниянын 50% акциясы былтыр кандай жол менен сатылганын тактап чыгуу зарыл.
- Эми саясат деген саясат. Бир нерсе болсо сөзсүз түрдө бир адамды табыш керек да. Мен азыр суроо берип атпаймбы, ал тараптагы, тескерисинче ал тарапты коргоп аткандар дагы бир жерде Бакиев деген фамилия барбы десем, эч кимиси көрсөтө албайт. Жок дейт, -деди Адахан Мадумаров.
Ал эми “Пирамида” телекомпаниясынын 50% уставдык капиталын сатып алган “Медиа-инвест” жоопкерчлиги чектелген коомунун өкүлдөрүнүн айтымында, алар тарабынан "Пирамиданын" кызматкерлерине эч кандай кысым көрсөтүлбөгөн жана имаратын басып алуу аракети жасалган эмес. "Пирамиданын" эмгек жамааты болсо аларга күч колдонулду деген пикирде. “Медиа-Инвесттин” кожоюндары делген Цой жана Максим Ивченко жолугушууга катышкан жок.