Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:52

Улуттар Уюму Сириянын кызматташуусуна муктаж болууда


Ливандын мурдакы премьер-министри Рафик Хариринин өлүмүн иликтөөдө Сирия Улуттар Уюмунун комиссиясы менен ыкчам кызматташуусу абзел. Болбосо, тергөө жылдарга созулуп кетиши ыктымал.
БУУнун атайын комиссиясынын башчысы Детлев Мэхлис шейшемби күнү Коопсуздук Кеңешинде ырасмий Дамаск менен кызматташуу жакшырганын, лекин ушул нукта уланарына ишенбесин билдирди.
Мэхлис Коопсуздук Кеңешине кечээ тапшырган докладда Харирини өлтүрүүгө Сириянын тиешеси бар экенин ырастаган жаңы далилдер табылганы белгиленет. Февралда Бейрутта автомобилге коюлган бомбадан Харири менен кошо 22 адам курман болгон.

Мэхлик жетектеген тергөөнү алты айга узартуу жөнүндөгү сунушту кечээ Россия жана АКШ колдошту.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG