Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:08

А. Жунусовду өлтүргөндөрдүн соту башталды


ОШ. 14-декабрь күнү Карасуу райондук сотунда Карасуу базарынын мурдагы жетекчиси Абдалим Жунусовдун жана анын айдоочусу Санжар Абдиевдин атып өлтүрүлүшүнө шектүү деп айыпталган алты адамдын үстүнөн сот иши башталды. Эске сала кетүүчү жагдай, ушул жылдын 5-сентябрь күнү Карасуу базарынын жетекчиси Абдалим Жунусов жана анын айдоочусу Санжар Абдиев үйүндө белгисиз адамдар тарабынан атып өлтүрүлгөн. Кылмыш иликтөө иштеринин жыйынтыгында кылмышка кандайдыр бир деңгээлде тиешеси бар деп эсептелинген алты адам колго түшкөн. Алардын экөө Тажикстандын атуулдары. Сот жараянынын жүрүшүндө кылмышка шектелген адамдардын алтоо тең коюлган айыптоолорду моюнга алышкан жок. Бирок учурда кылмышка түздөн-түз тиешеси бар деп шектелип издөөдө жүргөн адамдар менен ишкердик байланышта болушкандыгын билдиришти. Судья соттук кеңешмеге чыгып кеткен учурда жабырлануучулар жана алардын жакындары соттолуучуларга таш атышып, өч алууга аракет жасашты. Бир аздан соң милициянын кийлигишүүсү менен кырдаал жөнгө салынды. Сот жараянын аягында судья ишти кайра кароо боюнча кылмыш ишин тергөөгө жөнөттү.


АБА ЫРАЙЫ

БИШКЕК. 15-декабрда республиканын аймагы боюнча ала булут каптап турат. Айрым аймактарда кар жаайт. Батыш тараптан сыдырым жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1...-6 градус суук, күндүз +1...+6 градус жылуу.
Талас дубанында түнкүсүн -1...-6 градус суук, күндүз 0...+5 градус жылуу.
Жалалабат, Баткен, Ош аймактарында түнкүсүн 0...-5 градус суук, күндүз +3...+8 градус жылуу болот.
Ал эми Ысыккөл ойдуңу боюнча түнкүсүн абанын температурасы -2ден...-7 градуска чейин суук болот. Күндүз 0...+5 градуска жылыйт.
Нарын өрөөнүндө түнкүсүн -20...-25, күндүз -12...-17 градус суук.
Ордо калаа Бишкекте күндүз кыламык кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн -1...-3 градус суук, күндүз +3...+5 градус жылуу болушу күтүлөт деп билдиришет Кыргызстандын синоптиктери.


Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Чолпон Орозобекова, Шайырбек Эркин уулу жана облустук кабарчыларыбыз даярдашты.

Редактору Кубат Чекиров

XS
SM
MD
LG