Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:08

Ажыга барчулар паспорт маселеси боюнча кыйналууда


ЖАЛАЛАБАТ. Мекеге ажылыкка баруучулардын советтик үлгүдөгү эски паспортторун жаңысына алмаштыруусу кыйынга турууда. Ажы болчу жарандар Сауд Аравиясына виза ачылышын күтүшүүдө. Мусулмандардын беш парзынын бир милдетин аткаруууну эсеген облустун 1426 жаранынан арыз түшкөн. Ажы сапарын уюштурууга казыяттан лицензия алган облустагы 13 адам Сауд Аравиясына баруучулардын тиешелүү документтерин толуктап, паспорт-виза берүү уюмдарына тапшырышты. Мындай маалымат 14-декабрда облустун казысы Дилмурат ажы Орозовдон алынды. Казынын билдирүүсүнө ылайык Меккеге зыяратка баруучулардын 220сы жаш бала, арасында 6-7 жаштагы наристелер да бар. Кайрылгандардын тең жарымын аялдар түзөт. Зыяратчылардын 1300дөн ашыгы 20 -декабрдан кийин облустун аймагынан автобус менен чыгып кетишет, 120 адам кийинчерек Ош аба бекетинен самолет менен барышат. Дилмурат Орозовдун айтымында муфтиятты орозо битирди туура эмес пайдалангандыкта айыптоолор негизсиз. Казыятка тапшырылган саадака битирлер 100-200-500 жана 1000 сом өлчөмүндө жетим-жесир, багар-көрөрүнөн ажыраган адамдар менен мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга таркатылды.

XS
SM
MD
LG