Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:35

Абактагы Д. Дүйшалиевдин иши боюнча комиссия жыйын


БИШКЕК. Оозун тигип алып 62 күн бою ачкачылык жарыялаган Досумбай Дүйшөлиевдин иши боюнча түзүлгөн атайын комиссия 14- декабрда жыйын курду. Ага укук коргоочулар Зульфия Марат, Азиза Абдрасулова, Турсунбек Акун жана адвокаттар катышты. Досумбай Дүйшалиев Балыкчы шаардык соту тарабынан мамлекетке оор финансылык зыян алып келген делип 15 жылга соттолгон. Президент алдындагы адам укугу боюнча комиссиянын, Акыйкатчы институтунун кийлигишүүсү менен ал Каракол түрмөсүнөн Бишкектеги 47- абакка которулган. Оозун жип менен бууп алган Дүйшалиев жогоруда айтылган комиссия түзүлгөндө гана ачкачылыгын токтоткон. Турсунбек Акундун Азаттыкка билдиргенине караганда, бул комиссия мүчөлөрүнө Досумбай Дүйшалиевди айыпка тартууда орой мыйзам бузуулар болгондугу дайын болду. Аталган комиссия Жогорку сотко бул кишиге карата кылмыш ишти токтото турууну жана өкүмдү кайра карап чыгуу тууралуу кайрылуу чечимин кабыл алды

XS
SM
MD
LG