Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

Чек арачылар эл аралык конференция өткөрүүдө


БИШКЕК. Бишкектеги «Хаят» мейманканасында Улуттук коопсуздук кызматынын чек ара аскерлерлери « Регионалдык кызматташтык-2006» деген аталыштагы эл аралык конференция өткөрүүдө. 15-декабрда жыйынтыкталчу төрт күндүк бул жыйынга Кыргызстандан сырткары Казакстандын, Тажикстандын, Пакистандын, Ооганстандын жана АКШнын коргоо, чукул кырдаалдар министрликтеринин жана чек ара аскерлеринин өкүлдөрү катышып жатышат. Иш чаранын негизги максаты – «Регионалдык кызматташтык-2006» окуусуна катышкан өлкөлөрдүн биримдигин жакшыртуу жана биргелешкен аракеттерин бекемдөө, регионалдык координациялык борбордун структураларын өркүндөтүү. Аталган аскердик окуу үч баскычта жүргүзүлүп, бул башталгыч конференция анын алгачкысы. Келерки жылдын февраль айында АКШнын Саффолк шаарында негизги жыйын, ал эми июль айында Кыргызстанда тыянактоочу жыйын өткөрүлөт. Бул тууралуу 14-декабрда чек ара аскерлеринин басма сөз кызматынан кабарлашты.

XS
SM
MD
LG