Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Ташкен- Бишкек- Алматы газ кууру оңдолууда


БИШКЕК. Кыргыз- казак биргелешкен “Кырказгаз” ишканасы Ташкен-Бишкек- Алматы газ куурун оңдогонго киришти. Бул түтүк аркылуу жылыга Кыргызстан калкы пайдаланган 700 млн кубометр газ өтөт. Кыргызстан аймагы аркылуу өткөн бул газ куурун оңдогонго казак тарап 17,5 милн АКШ долларлык инвестиция берүүгө макул болгон. “Кыргызгаз” акционердик коому билдиргенге караганда, 15 жылдан бери ремонт боло элек бул түтүкчөлөр үчүн декабрь айында казак тарап инвестициянын алгачкы бөлүгү катары 2 млндон ашык доллар жумшады. Казакстан Өзбекстандан сатып алып аткан 2 миллиард кубометр газ да ушул түтүк аркылуу өтөт.

XS
SM
MD
LG