Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 07:36

Конституциялык кеңешме 21- декабрда чогулат


БИШКЕК. Көпчүлүк саясатчылардын конституциялык кеңешменин курамынан чыгып кетүү коркунучу бар экендигин бүгүн “Азаттыкка” конституциялык кеңешменин мүчөсү Асия Сасыкбаева билдирди. Анын айтымында, азыр талкууланып жаткан долбоорго өзүнүн тиешеси жок деп эсептейт, бирок бул долбоорго өзгөртүүлөр кирет деген үмүттө.
- Талкуу учурунда президент дал ушул долбоорду гана калтыруу аракетин жасай турган болсо кеңешменин курамынан мүчөлөрдүн басымдуу бөлүгү чыгып кетебиз”,- деди Асия Сасыкбаева.
21- декабрда президент Курманбек Бакиевдин төрагалыгы менен конституциялык кеңешменин жыйыны болоору күтүлүүдө. Ага чейин мамлекет башчы бизнесмендер, жаштар жана бейөкмөт уюмдар менен жолугушуп, конституциялык реформа тууралуу пикир алышканы турат. 8- декабрда журналисттер менен болгон жолугушууда президент чукул арада Конституцияны өзгөртүштүн кажети жок деп билдирген.

XS
SM
MD
LG