Россия быйылкы жылы 18 миллиард доллар тышкы карызды мөөнөтүнөн мурда төлөйт. Анын ичинен 15миллиард доллар Париж клубуна, 3 миллиард доллар Эл аралык валюта коруна берилет. Бул мамлекеттин пайдасына 5 миллиард доллар калышына алып келет, деп билдирди өлкөнүн каржы министри Алексей Кудрин.14-декабрда Федералдык Кеңеш Россиянын 2006-жылга бюджетин бекитти. Бюджеттин чыгашасынан кирешеси 770 миллиард рубль көп деп белгиленди. Россиянын кирешесинин 40% мунай жана газ сатуудан түшөт