Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:35

Украина – Россия : газ чатагы күч алууда


Россиянын Газпром компаниясы келерки жылдан тарта Украинага газдын баасын кескин көтөрөт. Газпромдун жетекчилеринин бири Александр Медведевдин билдирүүсүнө караганда, коңшу өлкөгө бир миң куб метр газ эми 220-230 долларга сатылат. Эгерде Украина менен газ боюнча келишим түзүлбөсө, анда жаңы жылдан тарта газ берүү токтотулат. Медведевдин айтымында, буга чейин Украина ыкка көнгөндө бир миң куб метр газды 160 доллардан алса болмок. Бирок эми кеч болуп калды. Анткени базар баасы өзгөрүүдө. Газ чатагы чыкканга чейин Украина бир миң метр газга 50 доллар төлөп турган.

XS
SM
MD
LG