Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2021 жума, Бишкек убактысы 18:16

Тим Монгтгомери спортту калтырды, аялы менен ажырашты


100 метрге жүгүрүү боюнча дүйнөнүн мурдакы рекордсмени Тим Монтгомери мындан ары спорт менен кош айтышканын билдирди. Бир күн мурда Спорттук арбиртраждык сот 30 жаштагы Монтгомерини допинг пайдаланганы үчүн эки жылга мелдештерге катыштырбоо жөнүндө чечим чыгарган.
Америкалык күлүк атактуу спортсмен аялы Марион Жонс менен ажырашканын ырастады.
Марион Жонс 2000-жылкы Сиднейдеги олимпиаданын үч жолку чемпиону.
“Биз Марион менен дос бойдон калабыз. Эки жашар уулубуздун келечеги үчүн чогуу кам көрөбүз”,- деп билдирди Тим Монтгомери.


Эл аралык жанылыктардын топтомун даярдаган Амирбек Азам уулу

XS
SM
MD
LG