Москва округдук аскерий соту полковник Павел Поповскийдин арызын канааттандырды. Ал 1994-жылы журналист Дмитрий Холодовдун өлүмү боюнча айыпталып, 1998-жылы камалган эле. Сот Поповский кылмыш жоопкерчилигине мыйзамсыз тартылган деп таап, анын пайдасына 2 миллион рубль өндүрүп берүүнү каржы министрлигине милдеттендирди. Поповский 2002-жылы сотто акталып, бошотулган эле.