БИШКЕК. 15-декабрда Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитети Кыргызстандын 2006-жыл үчүн бюджет долбоорун талкуулашты. Отурумда каржы министри Акылбек Жапаровдун билдиргенине караганда, бюджеттин чыгаша бөлүгү 26 миллиард сомду, киреше бөлүгү 22 миллиард сомго жакын каражатты түзүп жатат. Мамлекет социалдык тармакка артыкчылык берип, ички дүн продукциянын өлчөмүн 5% болуп, инфляция 4,5 %тен ашпайт. Анткен менен депутаттар өкмөт бюджетти өз ыңгайына жараша түзүп жатат деп, чыгаша бөлүгүн көбөйтүү талабын коюшууда. Бул отурумга комитет мүчөлөрүнөн тышкары премьер министр Феликс Кулов баштаган өкмөт курамы, тармак жетекчилери катышты. 2006-жылдын долбоорун парламент келерки аптада талкуулоого киришери күтүлүүдө.