Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:31

Өкмөт тышкы карызды хиппик программасынын алкагында кайра кароодо


БИШКЕК. Кыргызстандын тышкы карыздарын Париж клубу аркылуу кечүүгө байланышкан макулдашууларды кайра карап чыгууну премьер министр Феликс Куловго парламентте Жогорку Кеңештин бюджет комитетинин төрагасы Акматбек Келдибеков сунуштады. Комитеттин 2006-жылдын бюджетин талкуулаган кеңейтилген жыйынында мындай сунушту Келдибеков төмөнкүдөй түшүндүрдү:

- Мурдагүнү улуттук банк менен тегере үстөл өткөрүп, ошондо билдик, 2006-жылы 124 миллион доллар кечилет экен. 500дөн ашык миллион доллар белгилүү проценти менен 13 жылга реструктуризация болот экен. Башкача айтканда, аны биз толугу менен төлөйт экенбиз.
Премьер министр Феликс Кулов президенттин тапшырмасы боюнча бул жагдайды жөнгө салуу үчүн америкалык хиппик программанын алкагында иш жүргүзүп жатканын билдирди.
Кыргызстандын тышкы карызы 2 миллиарддан ашык доллар экендиги айтылып келатат.

XS
SM
MD
LG