Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:01

Президент Анвар Артыковду өзүнүн макулдугу менен губернаторлуктан бошотконун билдирди


БИШКЕК. Ош облусунун мурдагы жетекчиси Анвар Артыковдун билдирүүсү президент үчүн абдан таң калыштуу болгонун президенттин маалымат катчысы Надыр Момунов 15-декабрда билдирди. Надыр Момуновдун айтымында, Анвар Артыков жарым жыл мурда эле Бишкекке башка жумушка которууну суранып, аны үй-бүлөлүк шартына байланыштырган. Мындай сураныч эске алынып, эки ай мурда ага өкмөттөн жооптуу кызмат сунушталган. Бирок Артыков жыл соңуна дерйе Бишкекке которбой кое турууну суранган. Ошондуктан анын президенттин жардыгы күтүүсүз болгону жөнүндө айтканы туура эмес, деп белгилейт Надыр Момунов.

Өткөн ишембиде кызматынан алынган Анвар Артыков 14-декабрда айрым маалымат каражаттарына интервью берип, кызматтан алынышы күтүүсүз болгонун, мындан ары Бакиевдин командасында болууну каалабастыгын билдирүү менен президенттин саясатын сынга алган.

XS
SM
MD
LG