БИШКЕК. Мындай пикирин жаштар менен 15-декабрда болгон жолугушууда Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев билдирди. Президенттин оюнда Конституциялык реформаны 2009-жылы жасап, 2010-жылдан тарта парламенттик башкарууга өтүү жөндүү. Ага чейин өлкөдөгү саясий партиялар ирилешип, күчтөнүшү керек. Ал эми Топчубек Тургуналиев баштаган «Эркиндик» саясий партиясы баштаган оңчул маанайдагы бир катар саясий партиялар Конституцияга байланышкан азыркы долбоорду дагы бир ай талкуулап, январдын аягында референдум аркылуу кабыл алууну, анын соңунан партиялык тизме менен кайрадан парламенттик шайлоо өткөрүүнү президентке сунуштап жатат. Ушундай эле сунуш менен жаштардын жарандык коому да кайрылды. Жолугушуу учурунда расмий тапшырылган катта 1800 кол топтолгон.