БИШКЕК. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Кыргызстан менен кызматташуусун аскердик-саясий, экономикалык багытта жана адам укугу жаатында келерки жылы да улантып, Кыргызстандагы программаларын мындан ары ишке ашыруу үчүн каржылоону 29 пайызга көбөйтөт. 2006-жылы ЕККУнун Бишкектеги борборунун бюджети кошумча салымдарды кошпогондо 3 миллион 150 миң еврону түзөт. Мындан сырткары ички иштер органдарын реформалоого жана демократия жараяндарын колдоого да кошумча салым каралган. Бул тууралуу аталган уюмдун Бишкектеги борборунун башчысы Маркус Мюллер 15-декабрдагы маалымат жыйынында билдирди. Ал ошондой эле ЕККУ Кыргызстандагы өнөктөштөрү менен укук коргоо тармагын, пенитенциардык системаны рефармалоону, коррупция менен күрөшүү сыяктуу иштерди уланта берээрин айтып, ЕККУ гуманитардык же экономикалык уюм эместигин, ал эл аралык талаптарга ылайык демократиялык коом курууга гана колдоо көрсөтөрүн белгиледи.