Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:02

ЕККУ Кыргызстандагы мандатын өзгөртпөйт


БИШКЕК. Кыргызстандын тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов менен ЕККУнун Бишкек борборунун башчысы Маркус Мюллер бейшембиде жолугушуп, ЕККУнун министрлер Кеңешинин 5-декабрда Словенияда болгон жолугушуусунда көтөрүлгөн маселени талкуулашты. Словенияда Жекшенкулов Кыргызстандагы ЕККУ борборунун макамын саясий, экономикалык жана гуманитардык долбоорлордун координатору деп өзгөртүү сунушу менен чыккан. Жекшенкуловдун белгилегенине караганда, Кыргызстан ЕККУнун экономикалык жана экологиялык долбоорлор боюнча кызматташууга кызыкдар. Бирок, бул адам укуктарын коргоо, демократиялык принциптерди сактоо жаатында кызматташтыкты чектөө дегенди түшүндүрбөйт. Тескерисинче, Кыргызстан ар тараптуу кызматташууну каалайт. Кыргызстандын мындай демилге менен чыгышын ушул эле күнү уюштурган маалымат жыйынында ЕККУнун Бишкек борборунун башчысы Маркус Мюллер Кыргызстандын экономикалык колдоого муктаждыгы менен байланыштырып, бул өнүттө кызматташтык кеңейтилерин, бирок, ЕККУнун мандаты өзгөртүлбөсүн белгиледи. Тышкы иштер министрлиги Словенияда көтөргөн демилге жарандык коомдун кескин сын пикирлерин жараткан.

XS
SM
MD
LG