Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:48

Бител компаниясы жаңы кожоюнга берилди


БИШКЕК. 15-декабрда кечке жуук Кыргызстан аймагында Бител компаниясы жабдыган уюлдук телефон байланышы үзүлдү. Имарат милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынды. Буга Бишкек райондор аралык сотунун Бител компаниясын толугу менен Феловес компаниясынын менчиги катары таануу чечиминин Жогорку Сот тарабынан күчүндө калтырылышы негиз берди. Бул чечимге таянган «Резервспецмет» компаниясынын өкүлдөрү дароо Бителдин имаратын алууга киришти. «Феловестен» ээлик кылуу укугун толук өткөрүп алган «Резервспецмет» ишканасынын өкүлү Гүлнара Каликованын айтымында, мыйзам чегинде ишкананын мүлкүн өткөрүп алуу аракеттери башталды жана буга уруксаты бар. Бул максатта жаңы кожоюн тартип коргоо кызматтарынан жардам алууда. Ал эми «МТС» жана «Альянс капитал» компаниясынын адвокаты Асылов Канат бул аракетти мыйзамсыз деп эсептейт. Ошондуктан, утулган тарап эл аралык сотко кайрылып, чыгымды мамлекеттен өндүрүп алуу аракетин жасайт. Анын айтымында, наркы 300 миллион доллар турган ишкана 20 миллион долларга сатылды. Мунун артында абройлуу мамлекеттик кызматкерлер турат деп билдирди адвокат. Президенттин маалымат кызматы мындай дооматты кескин жокко чыгарды. Бител компаниясынын уюлдук телефон кызматынан Кыргызстанда 470 миң адам пайдаланат.

XS
SM
MD
LG