Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:10

Кыргызстан америкалык аскер базасынын ижара акысына 200 миллион доллар суроодо


БИШКЕК. «Файненшл Таймс» гезити Курманбек Бакиев баштаган кыргыз бийлиги Бишкектеги Ганси аба базасынын ижара акысы үчүн жылына 200 миллион доллар төлөөнү талап кылып жатканын жазды.. Пентагондун өкүлү Брайан Витман буга чейин деле Кыргызстанга авиабаза учун жетиштүү эле каражат бөлүнүп келгенин, бирок ал мамлекетке эмес, жеке менчик ишканаларга төлөнүп келгенин айтат. Аталган гезитте бул маселенин козголушун өзбекстан Карши-Канабаддагы АКШ базасын чыгарууга, Шанхай кызматташтык уюмунун кысымына байланыштуу деген да пикир айтылат. Президент Курманбек Бакиев 8-декабрда журналисттер менен жолугушуу учурунда АКШнын Ганси базасына байланыштуу төмөнкүлөргө токтолгон:

- Азыр жаңы келишимди карап жатабыз. Ага кол коюлса мурдагыга караганда жүз эсе көбүрөөк каражат түшкөнү турат. Биз бардык эсеп-кысапты тактап, буга мынча, тигиге мынча төлөшүңөр керек деп айтып жатабыз.Алар ошого макул болуп жатат.

Ал эми каржы министри Акылбек Жапаров келерки жылдын бюджетине америкалык базадан каражат түшөр-түшпөстүгү жаңы келишимдин түзүлүшүнөн көз каранды экендигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG