Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:02

Британия бюджет кыскартылсын деп, Евробримдикти жарга такоодо


Евробиримдиктин бюджети боюнча Брюселлде кечээ күнү башталган эки күндүк жыйын, Британ премьер-министри Тони Блэрдин сөзүнчө, “өтө татаал” болот:

-Менин оюмча, орто жана узак мөөнөттүк бюджет олутуу өзгөрүүгө жана реформага муктаж экенин ар ким түшүнөт. Биз андыктан бул жараян жакшы өтүшүнө аракет кылабыз. Менин оюмча, сүйлөшүүлөр өтө оор болчудай болуп турат. Мунасага жетишүү үчүн биз жакшы ынтаа менен аракеттенебиз.

Британия биримдиктин учурудагы төрагасы. ЕБга мүчө өлкөлөр Британиянын бюджетти өзгөртүү боюнча сунушун “калыс эмес” деп четке кагышты.
Британия уюмдун жаңы 10 мүчөсүнө берилчү каражатты кыскартууну сунуш кылган.

Бүгүн Брюсселде Евробримдиктин лидерлери Ирандын президенти Махмуд Ахмединежаддын Экинчи дүйнөлүк согуштагы “жөөтөрдү кырууну”-холокаусту “жалган миф” деген сөзүн айыптаган билдирүү жасашы күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG