ЖАЛАЛАБАТ. 14-декабрда Аксы районундагы «Кошдөбө чек ара бекетинин жоокерлери Өзбекстандын Муралбек Туратхажаев жана Бахтияржон Абдуллаев аттуу жарандарын кармашкан. 20-жана 22 жаштагы намангандык бул адамдар мамлекеттик чек аранын белгиленбеген бөлүгүн мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылышкан. Андан бир күн мурда «Ынтымак» чек ара көзөмөл бөлүмүнүн тосмосуна келген өзбекстандык бир жаран чек арадан документсиз өтүүнү суранган. Бекеттин күзөтчүсү лейтенат Бакыт Медербеков талап кылган тиешелүү документтерин көрсөтө албагандыктан ал Кыргызстанга өткөрүлгөн эмес. Өзбекстандык жаран күзөтчүнүн башына колундагы жарагы менен уруп, өз мекенин көздөй качып кеткен. Натыйжада башы мээси жабыркаган чек арачы аскер госпиталына кайрылууга аргасыз болгон. Аталган мыйзам бузуулар боюнча кызматтык иликтөөлөр жүргүзүлүүдө. Мындай маалымат 16-декабрда облустук бийликтин укук коргоо бөлүмүнүн башчысы Кадырбек Бечеловдон алынды.