Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:29

Айыл өкмөт башчыларын шайлоого үгүт иштери токтотулат


БИШКЕК. 17-декабрда эртең мененки саат 8де Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айыл, поселек, район карамагындагы шаар башчыларын шайлоого карата үгүт иштери токтотулат. Өлкө башчысынын 17-октябрдагы жарлыгына ылайык Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын шайлоо 18-декабрда өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан 16-декабрда билдиришти. Малыматка караганда шайлоо алдындагы үгүт иштеринде шайлоо эрежесин бузган 5 талапкер катталган эмес. Шайлоо 369 айыл өкмөтүндө жана район карамагындагы 11 шаарда өткөрүлөт. Ага 1548 талапкер ат салышууда.
Өткөн шайлоого салыштырмалуу саясий партиялардан көрсөтүлгөн талапкерлер 1,9 пайызга, аялдар 6 пайызга көп. Шайлоого байкоо жүргүзүүгө бир катар эл аралык уюмдардан сунуш түшкөн.

XS
SM
MD
LG