БИШКЕК. Жаңы Салык кодексинин долбоору президентке сунушталды. Бул тууралуу Каржы Министри Акылбек Жапаров 16-декабрда маалымат жыйнында билдирди. Анын айтымында, жаңы Салык кодексинде мурдагы 207 берененин ордуна 410 берене болот. Анда салык чогултуунун механизми жөнөкөйлөштүрүлгөн. Салык кодекси менен бажы кодексинин ортосундагы карама каршылыктар жөнгө салынып, жергиликтүү салыктын 16 түрүнүн 6сы кыскартылган. Министр ошондой эле жаңы Салык кодексинде кошумча нарк салыгы айыл чарба продукциясынан алынып салынганын, кирешеден түшчү кошумча нарк салыгы 10 пайызга төмөндөгөнүн, кошумча нарк салыгынын чеги 500 миңден 2 млн. сомго чейин көтөрүлгөнүн белгиледи.