Бишкек. 16-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда милициянын полковниги Чыныбек Алиевди, Хаваджи Заурбековду жана Нурлан Бердикеевди өлтүргөн деп шектелген Рыспек Акматбаевге жана башка 8 адамга байланышкан сот иши улантылды. Ага жабырланган тараптардын туугандары, күбөөлөр, Рыспек Акматбаев жана башка айыпталуучулар, алардын адвокаттары катышты. Бул күнкү сот жараянында Хаваджи Заурбеков менен Нурлан Бердикеевдин өлтүрүлгөңдүгүнө байланыштуу айрым эпизоддор боюнча күбөөлөр суралды. Сот отурумун судья Аманбек Сариев алып барууда. Бул сот ишинин каралышы 21-декабрда улантылат. Анда Рыспек Акматбаевдин сөз сүйлөшү күтүлүүдө. Козголгон кылмыш иши боюнча үч адамдын өлтүрүлүшүндө Рыспек Акматбаев менен бирге Эркин Мамбеталиев, Ильяс Чекиров, Дамир Сейитбеков, Нурлан, Мирлан Коноевдер, жалпысынан сегиз адам айыпталууда.