Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:36

«Либермандын» иши натыйжа бербей жатат


Бишкек. Экс-президенти Аскар Акаевдин үй-бүлөсү жана ага жакын адамдар тарабынан Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылып, чет өлкөлүк банкттарда катылган каражаттардын изин табуу үчүн кыргыз өкмөтү тарабынан жалдалган эл аралык «Либерман» аттуу юридиакалык кампаниянын иши азырынча натыйжасыз болуп жатат. Ошондуктан, анын кызматы үчүн мурдагы биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов тарабынан бул компанияга төлөнгөн 500 миң долларды кайтарып берүүгө азырынча мүмкүнчүлүк жок. Бул тууралуу 16-декабрда өлкөнүн баш прокурору Камбаралы Конгантиев билдирди:

«Бүгүнкү күндө «Либерман» бир да тыйын тапкан жок, биздин өлкөгө кайтарып берген жок. Эгерде тапса, биз төлөп беребиз. Ошондуктан, азыр баш прокуратурада төлөп берүүгө каражат жок», - деди баш прокурор.

«Либерман» менен башкы прокуратуранын ортосунда түзүлгөн келишим боюнча аталган компанияга табылган каражаттын 10 пайызы берилмек. Данияр Усенов буга чеийн «Либермандын» кызматы үчүн анын жеке эсебинен төлөнгөн каражатты кайтарып берүүнү өтүнүп, башкы прокуратурага кайрылган.

XS
SM
MD
LG