Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:52

“Пирамиданын” тегерегиндеги маселе боюнча парламенттик комиссия өз ишин улантууда


Бишкек. «Пирамида» телеканалынын тегерегинде түзүлгөн кырдаалды иликтөөнү парламенттик комиссия улантылууда. Бирок, бул иш белгилүү кыйынчылыктар менен коштолуп жатат. Комиссия төрагасы депутат Кубатбек Байболовдун 16-декабрдагы маалыматы боюнча, «Ареопаг Бишкек» жана «Инвесттел» фирмаларынын жетекчилери болуп эсептелген адамдардын табылбай жаткандыгы да иликтөөнү кечеңдетүүдө. Ошондуктан, комиссия аларды издөөнү көмөктөшүүгө тартип коргоо органдарына кайрылышты.
«Биз Саркишева менен Бакановду таппай жатабыз. Комиссиянын материалдарына ылайык, алар аталган эки фирманын ээлери катары «Пирамиданын» акцияларынын 50 пайызына ээликти талап кылып жаткан «Инвест медиа» фирмасын түзгөн. Бирок, документтерде коюлган колдор да ар кандай болуп жатат. Ошондуктан, бул фирмалардын түзүлүшүндө көп бүдөмүк жерлер бар», - деп маалымдады Кубатбек Байболов.

Маалыматтарга караганда, «Пирамида» телеканалы жана «Инвест медиа» компаниясы тарабынан ортодо чыккан чыр-чатакты соттук териштирүү үчүн тиешелүү документтер даярдалууда. Парламенттик комиссиянын иликтөө материалдары кийинки аптада жарыяланышы күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG