Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

Бишкекте Казакстандык Махамбет Абжанды коргоо комитети түзүлдү


БИШКЕК. Бишкектин убактылуу кармоочу жайында камакта отурган Казакстандын патриоттук жаштар биримдигинин лидери, оппозициячыл жаш саясатчы Махамбет Абжанды коргоо комитети түзүлдү. Бул тууралуу “Бирге” жаштар кыймыланан 16-декабрда билдиришти. Маалыматка караганда, комитеттин негизги максаты тилектештик катарында Казакстандык жаш саясатчынын укугун коргоо болуп эсептелет. Эскерте кетүүчү жагдай, октябрь айында коңшу өлкөдөн келген Махамбет Абжан менен Азамат Жетписбаев Казакстандын бийлигинин куугунтуктоосунан баш паанек издеп Бишкекке келишкенин өткөн аптада “Азаттыкка” кабарлашкан. Алар Казакстандагы президенттик шайлоо алдында “Жас патриот” гезити аркылуу президентти жана казак өкмөтүн сындап, оппозициялык маанайдагы көз караштарын билдиришкен. 13-декабрда Астана шаардык тартип коргоо кызматкерлери Бишкектен эки уланды жана аларга келген “Айбат” кыймылынын лидери Жанбота Карашулаковду күч колдонуп кармашкан. Махамбет Абжан менен Азамат Жетписбаевге Астана полициясы экономикалык иш боюнча кылмыш козгогон. Бир канча убакыттан кийин эки улан бошотулуп, Махамбет Абжан Бишкектин убактылуу кармоочу жайына жеткирилген.

XS
SM
MD
LG