БИШКЕК. “Резервспецмет” компаниясы Жогорку Соттун чечими менен мыйзамдуу түрдө Бителге ээлик кылууга мүмкүндүк алды. 15-декабрда аталган компания тарабынан Бителди басып алууга эч кандай күч колдонгон жок. Мыйзамдын чегинде күч органдарынын кызматкерлери менен Бителдин мүлкү каттоодон өткөрүлдү. Бул тууралуу “Резервспецмет” компаниясынын юристи Гүлнара Каликова 16-декабрда маалымат жыйынында билдирди. Ал эми Бителдин баш директору болуп жаңыдан дайындалган Денис Шершневдин айтымында, Бител компаниясы адаттагыдай эле иштеп жатат. Жаңы жылга карата Бител уюлдук кызматынан пайдалангандарды бир жума бекер тейлеши күтүлүүдө.
Ал эми буга чейин ээлик кылып келген «МТС» жана «Альянс капитал» компаниясынын өкүлү ЭрКанат Абени “Резервспецмет” компаниясынын аракеттин мыйзамсыз деп эсептейт. Ошондуктан, утулган тарап Англиядагы эл аралык сотко кайрылып, чыгымды мамлекеттен өндүрүп алуу аракетин жасайт. Анын айтымында, бул ишке орто кызматтагы чиновниктер кийлигишкен.
Бител компаниясынын уюлдук телефон кызматынан Кыргызстанда 470 миң адам пайдаланат.