Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 15:15

Тажикстанда журналист Жумабой Толибов азат кылынды.


Анын кармалышы журналисттерди коргоочу эларалык уюмдарынын сынын жараткан эле. “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде Толибов укук коргоочуларга ыраазылыгын билдирди.
Журналист июль айында эки жылга түрмөгө кесилген. Ага мас абалында коомдук тартипти бузуу жана кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу деген айып тагылган. Толибов жергиликтүү органда кеңешчи кызматын аткарып келген.
Журналист чиновниктердин паракорлугу жөнүндө жазган сын макалалары үчүн камалгандыгын ырастоодо.

XS
SM
MD
LG