Линктер

дүйшөмбү, 24-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 00:19

АЛМАТЫДАГЫ “ЖЕЛТОКСАН” ОКУЯСЫ


1986-жылдын 16-декабрында Казак ССРинин борбору Алматы шаарында Совет өлкөсүнө каршы козголоң чыккан. Алматыда өткөн козголоң Совет мамлекетинин пайдубалына доо кетирип, ага кирген улуттук республикалардын эгемендикке болгон умтулуусу күч алган, ал окуя акыры СССРдин кулашына себеп болгон.

Кээде калктын эсинде кыттай уюй турган дата жана окуялар болот эмеспи. Андай окуялар бир элдин эле эмес жалпы коомду бушайманга салгыдай энергия камтыйт жана ал күч тарыхты өзгөртө турган канат байлайт. Мына ушундай эстутум окуя 1986-жылдын декабрь айында мурдагы Казак Советтик Социалисттик Республикасынын борбору Алматы шаарында болгон.

Тарыхта ал окуя – “Желтоксан”, же казактардын Декабрь көтөрүлүшү деп аталып келет. Казак жаштарынын коммунисттик системага каршы уюшулбастан, кокустан козголуп чыгышы адегенде, социалдык маселелерге байланыштуу. Анын айрым бир себептери азыркы пенсионерлерге окшогон калктын аз корголгон катмарынын социалдык укуктарынын бузулуп жатышына окшошуп кетет.

Алыскы 1986-жылдын август айында Совет бийлиги “эмгектен тышкары кирешеге каршы күрөш” деген компанияны баштап, анын бир кесепети Алматы шаарындагы квартира берчүлөргө жана студенттерге тийген. Күзгү окууга келген казак жаштары квартира таппай, алардын көпчүлүгү көчөдө калган. Коммунисттик системанын волюнтаристтик саясатына кошул-ташыл Москва Казакстан компартиясынын биринчи катчылыгына Г.Колбинди дайындашы, ансыз да чайналып турган жаштардын нааразычылыгын жаратат.

М.С.Горбачевдун айкындуулук саясатына дем байлап, акыры калыстык орнойт го деген ишенимге муздак суу бүркүлүп, жергиликтүү элдин кызыкчылыгынын тебелениши “борбордон танууланган Г.Колбинге” каршы козголоңдун чыгышына себеп болду. Адегенде жаштар “Жашасын лениндик улут саясаты!”, “Ар бир калкка - өз жетекчиси!” деген саясий ураандар менен көчөгө чыгышкан. Декабрь айынын 17-18-күнү демонстранттарды таркатуу үчүн “Метель” аттуу аскер операциясы даярдалып, Алматыга аскер киргизилип адам өмүрү кыйылган алаамат башталган. Коммунисттик система Алматы окуясына тескери баа берип, аны кыйрап бараткан режимди сактап калуу максатында козголгон “бир ууч улутчулардын” аракетинен улам чыкты деп көшөрүп койгон. Ошол убактагы Г.Колбин, М.Соломенцев, Ф.Бобков, Е.Разумов сыяктуу компартия функционерлери “казак улутчулдугу” деген көрсөтмөгө жамынып, башка республикалардын алдыңкы интеллигенциясына каршы кысымды күчөтүшкөн.

Алматыдагы Желтоксан козголоңунда ондогон адамдардын өмүрү кыйылышы жана миңдеген интеллигенттердин кызматынан куулуп, турмушунун бузулушу компартия идеологдоруна чымын чаккандай таасир калтырган эмес. Алар бөөдө өмүрү кыйылган жаштардын үй-бүлөсүнөн кечирим сурап, компартиянын улут саясатына түзөтүүлөрдү киргизүүнүн ордуна “улутчулдарды” таап, алардын тамырын кыркыш үчүн көшөкөрлөнө аракет көрө баштаган. Мындай жаңылыш аракет акыры Советтер Союзуна болгон ишенимди жоготуп, ал акыры коммунисттик империянын кыйрашына алып келди
XS
SM
MD
LG