Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 00:47

Кыргыз макал-ылакап, учкул сөздөрү жыйнагынын бет ачары болду


БИШКЕК. 17-декабрда Бишкекте белгилүү ишкер Мухамед Ибрагимовдун “Кыргыз макал-ылакап, учкул сөздөрү 10551” деген аталыштагы китебинин бет ачар аземи болуп өттү. Ага тилчи илимпоздор, окумуштуулар, ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү катышты. Биринчи ирет макал-ылакаптарын, учкул сөздөрүн кыйла толугураак камтыган ири эмгек улутубуздун сөз байлыгы кенендигин, тереңдигин айгинелеген чоң маданий окуя экендиги жыйында айтылды. Автордун билдиргенине караганда, ал жыйнактагы 10551 кыргыздын макал-ылакап, учкул сөздөрүн 26 жыл бою чогулткан.

XS
SM
MD
LG