Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Жерге муктаж адамдардын маселеси качан чечилет?


БИШКЕК. 17-декабрда Бишкектин борбордук аянтындагы Тарых музейинин жанына жерге муктаж 100 чукул адамдар чогулушту. Алар Тарых музейине мамлекеттик аткаруу бийлик өкүлдөрү келет деген маалыматты угуп алышып, бийликтегилерге өз көйгөйлөрүн билдирүү максаты менен келишкенин билдиришти. Тилекке каршы, бул күнү Тарых музейине бийлик өкүлдөрү келишкен жок. Жер бөлүштүрүү боюнча координациялык кеңештин тең төрагасы Осмон Рыскулбековдун айтымында жерге муктаж адамдардын маселеси чечилбесе, алар жаз алды менен кайрадан жер ээлеп алуу акцияларына чыгууга мажбур болушат. Ал ошондой эле «Алтын казык» коомдук бирикмесинин 400гө чукул мүчөлөрүнө, үй куруу үчүн жер участогун берүүнү бийлик башындагылар 9 айдан бери ар кандай шылтоолор менен создуктуруп келатканынын билдирди.

XS
SM
MD
LG