БИШКЕК. “Сентябрь айында Москвадагы Кыргызстандын элчилигине бир жылга виза алуу боюнча кайрылгам. Алар Бишкектен бирөөлөрдүн чакыруусу керектигин айтканда, немис журналисти Маркус аркылуу парламенттин депутаты Кабай Карабековдон Кыргызстанга чакыртуу алдыргам. Мен элчиликке барганымда элчиликтин кызматкерлери эч кандай тоскоолдуктар болбостугун, депутаттан кат келгенин, бир айга визаны азыр эле жасап берише тургандыгын, ал эми бир жылдык визаны консул чече турганын айтышкан. Ал эми кечээ элчиликке барганымда, алар Тышкы иштер министрлигинин консулдук башкармалыгы виза ачууга себепсиз каршы болгондугун билдиришти. Бул тууралуу Москвадагы Тажикистандын оппозициячыл саясатчысы, “Чоро гюрул” гезитинин баш редактору Дадажан Атабуллаев 17-декабрда “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында:
-Эгерде менде Тажикстандын паспорту болгондо эч кандай проблема болмок эмес. Тажик бийлиги мага паспорт бербей койгон. Мен Германиянын Гамбург шаарында жашагандыгыма байланыштуу немецтердин жолдо жүрүү паспорту менен 40 ашык өлкөгө барып келгем. Ал документ менен каалаган мамлекетке барууга болот.
Атабуллаев билдиргендей, Орто Азиядагы бирден бир демократиялуу өлкө делген Кыргызстанга виза бербей коюшу таң калыштуу нерсе.
Ал эми Тышкы иштер министрлигинин Консулдук башкармалыгынын өкүлү бул маселени Москвадагы консулдук чече тургандыгын билдирди. Москвадагы консул Төлөн Турганбаевдин айтымында.
-Биз виза бербейбиз да. Тажикстан менен Кыргызстандын ортосунда виза жок. Ал баягы “свидетельство на возвращение” дегенди алам деп келсе керек. “Свидетельство на возвращение” деген бул Кыргызстандын гана атуулдарына берилет. Ал өзүнүн Тажикстандын элчилигине кайрылыш керек. Ал маселени Тажикистандын элчилиги чечет. Эгерде ошол жактан жанагы кагазды алса, Кыргызстан аркылуу эч кандай тоскоолдуксуз эле өтүп кетет.
Төлөн Турганбаев бул маселеде эч кандай саясий негиз жок, бардыгы мыйзамдын чегинде экендигин билдирди.