Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:24

Президент саясий партиялардын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту


БИШКЕК. Өлкө башчысы Курманбек Бакиев 17-декабрда Өкмөт үйүндө саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Анда Консититуциялык реформага киргизиле турган айрым өзгөртүүлөр менен толуктоолордун тегерегинде сөз болду. Бейөкмөт уюмдар менен саясий партиялардын өкүлдөрү мамлекеттик башкаруу маселесине байланыштуу негизинен 2010-жылдан баштап Кыргызстан парламенттик башкарууга өтүшү керек деген көз караштарын айтышты. Алар президент менен парламент мөөнөтүнүн аягына чейин иштеши керек деп эсептешет. Жолгушуунун катышуучулары келерки жылы парламентке дагы 30 депутат кошумча шайланыш керек деген оюн да билдиришти. Президенттин айтымында, жыйында козголгон маселелерди кылдат талдап, Конституциянын долбоорун талкууну жаңы жылдан кийин да улантуу керек. Ал эми жыйынга катышкан маалымат каражаттарынын айрым өкүлдөрү марттан кийин да маалымат каражаттарына кысымдар көрсөтүлүп жатат деген пикирин билдиришти.

XS
SM
MD
LG