Ирактын АКШдагы элчиси өлкөдөгү парламенттик шайлоо террордук аракеттерди токтотууга жол ачаарын билдирди. Элчи жума күнү президент Жорж Буш менен Вашингтондогу жолугушууда бейшембидеги добуш берүү “бурулуш чекит” болгонун белгиледи:
Ал эркиндик үчүн улуу күн болду. Менин оюмча, ал Ирак үчүн бурулуш учур жана терроризмди жоготуунун башталышы. Ирактыктар өз каны менен ондогон жылдарда эскериле турган тарыхын жазышты, деди элчи Самир Сумайдей.
АКШнын президенти Жорж Буш өлкөнүн телеканалдарынын бирине берген интервьюсунда террордук чабуулдар шайлоодон кийин эле токтоп калаарына шектенип, бирок суннит арабдардын бийликке аралашуусу менен анын кыскараарын билдирди.