25 мүчөлүү Европа Биримдиги 2007-жылдан 2013-жылга чейинки бюджет боюнча макулдашууга жетти. Натыйжада Британия өкмөтү өзүнө бөлүнгөн компенсациянын көлөмүн кыскартууга макул болуп, ал каражат Биримдиктин жаңы 10 мүчөсүнө жардамга жумшала турган болду. Биримдиктин азыркы төрагасы Британ премьер-министри Тони Блэр макулдашуу тууралуу буларды билдирди:
Бул макулдашуу Европанын алдыга жылуусуна жол берет. Ал ошондой эле биздин жаңы мүчөлөр менен пикирлеш экенибизди көрсөтөт. Европа Биримдигин кеңейтүүнү каалаган биз үчүн бул өзгөчө мааниге ээ.
Бюджет маселесинде орток пикир табылышын Франция, Германия жана Польша лидерлери кубаттады.