Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:14

Ж. Оторбаев: “Конституциянын жаңы долбоорун 2009-жылы ишке киргизүү керек”

БИШКЕК. Конституциянын жаңы долбоору 2006-жылы парламент тарабынан кабыл алынып, бирок 2009-жылы ишке кириши керек. Мындай пикирин “Азаттыкка” мурдагы вице-премьер-министр, “Менин өлкөм” саясий партиясынын лидери Жоомарт Ортобаев билдирди. “2009-жылга чейин саясий партиялар өнүгүп, парламенттик башкарууга даяр болуп калат, ошондой эле азыркы парламент менен президент да өз мөөнөтүн толук иштешет”, дейт Жоомарт Оторбаев. Ал жетектеген партия парламенттик башкарууга өтүү идеясын колдойт жана конституциянын жаңы долбоору боюнча парламенттин жок дегенде 70 пайызы партиялык тизме менен келиши керек деп эсептейт. “Конституцияны чукул арада өзгөртпөй туруу өлкөдө стабилдүүлүктү сактоого да өбөлгө түзөт”, деп кошумчалады Жоомарт Оторбаев. Парламенттик башкаруу системасына өтүү идеясын «Демократиялык күчтөр биримдиги» жана Роза Отунбаева менен Азимбек Бекназаров башында турган «Кыргызстан» саясий кыймылы да колдойт.
XS
SM
MD
LG