Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

Депутаттык комиссия айрым жагдайларды иликтеп бүтө элек


БИШКЕК. “Пирамида” телерадиокомпаниясынын тегерегиндеги кырдаалды иликтеп жаткан депутаттык комиссияга “Медиа-инвест” компаниясын түзгөн
эки адам таптырбай жатат. Бул тууралуу аталган комиссиянын жетекчиси, ЖК депутаты Кубатбек Байболов билдирди. Табылбай аткан бул адамдардын экс-президенттин жубайы Майрам Акаеванын сиңдиси Аязгүл Саркишевага тиешеси бар болушу мүмкүн:

- Бул компанияны түзгөн эки адам таптырбай атат. Анын бири Саркишев деген атактуу фамилияны алып жүрөт. Ошол адамдар табылгандан кийин анан 2-3 күндөн кийин өз ишибиздин жыйынтыгын чыгарабыз.

депутат Байболовдун айтымында, депутатттык комиссия өз иликтөөсүн ортого салгандан кийин талаш-тартыштар сот аркылуу чечилүүгө тийиш. “Пирамида” ТРКсынын президенти Адил Бийназаровдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, бул чатакка тиешелүү бардык юридикалык документтер топтолуп бүткөндөн кийин жакынкы күндөрү маалымат каражаттары аркылуу билдирүү жасалат. Азырынча ал кандайдыр бир түшүндүрмө берүүдөн баш тартты. “Телерадиокомпания болсо күндөгү калыбында иштеп жатат», деп кошумчалады Адил Бийназаров.

XS
SM
MD
LG