Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:43

Жалалабатта айрым мыйзам бузуулар катталды


ЖАЛАЛАБАТ. Облустагы 69 айыл өкмөт башчысын шайлоого саат төрткө карата тизмеге киргизилген жарандардын 41,3 пайызы же 163426 шайлоочу добуш беришти. Шайлоо 314 участкалык комиссияда уюштурулган. Айыл өкмөт башчылык кызмат үчүн 221 талапкер мөөрөй талашууда. Облустук шайлоо комиссиясынын билдирүүсү боюнча, азырынча мыйзам бузуулар катталган жок. “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын байкоочулары Алабука районунда чүчү кулак кармоо эрежеси бузулганын, Сузак районунда бюллетендер туура эмес таркатылып, үй-бүлөлүк добуш берүүлөр болгонун маалымдашты. Саясий партиялардын айрым өкүлдөрү айыл өкмөт шайлоосу элди жер-жерге бөлүүнү, уруучулукту күчөткөнүн айтышууда. Ал эми бейөкмөт уюмдар демократия өнүккөн сайын эл шайлоого көнүп, уруучулуктан арылаарын белгилешти.

XS
SM
MD
LG