Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:45

Иракта барымтага алынган алманиялык айым бошотулду.


Иракта мындан үч апта мурда барымтага алынган немис аял бошотулду. Сюзане Остхоф деген алманиялык археолог Иракта он жылдан ашык иштеген жана ноябрдын аягында туткунга алынып кеткен, анын бир тууганы Роберт Остхоф кечээ күнү немис сыналгысы аркылуу чыгып сүйлөп, ал бошотулганы жөнүндө билдирди. Андан соң өлкөнүн тышкы иштер министри Франк-Валтер Штайнмайер Берлин шаарында журналисттер менен жолугуп, Остхоф айым азыр Багдад шаарындагы немис элчилигинде экенин жана жакын арада анын айдоочусу дагы бошотула турганы жөнүндө билдирди.

XS
SM
MD
LG