Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:59

Гоңконг шаарында кечээ күнү Дүйнөлүк соода уюмунун саммити аяктады.


Гоңконг шаарында кечээ күнү Дүйнөлүк соода уюмунун саммити аяктады. Анда кабыл алынган чечимдердин бири - өнүкпөгөн мамлекеттердин айыл-чарба өндүрүшүн өнүккөн мамлекеттерге чектөөсүз экспорттоо тууралуу болду. Ал жөнүндө уюмдун баш деректири Паскал Лэйми минтип билдирди: "Сиздер талкууну - өнүкпөгөн жана өнүгүп келаткан мамлекеттердин пайдасына бурдуңар. Бул өтө деле жакшы баланс эмес, бирок мыкты чечим дайым жакшы чечимдин душманы. Кандай болгондо дагы, талкуу өтө чечкиндүү аяктады", - деп билдирди Лэйми. Экспорттук чектөөлөр 2008-жылы 97 пайызга чейин кыскартылууга тийиш. Анткен менен Европа Биримдигинин Соода маселелери боюнча комиссары Петер Манделсондун айтымында, мындай чечимди ийгилик деп атоо кыйын. Кабыл алынган дагы бир чечим боюнча - 2013-жылга карата бардык мамлекеттер өз фермерлерине өкмөттүк жардам көрсөтүүнү кыскартып, экспорттук чектөөлөрдү жоюш керек.

XS
SM
MD
LG