Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 01:41

Шайлоодо мыйзам бузуулар болгондугу жөнүндө Нарын шайлоо комиссиясына арыз түштү


НАРЫН. "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын облустагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Гүлжамал Султаналиева шайлоонун жүрүшүндө бир катар мыйзам бузуулар болгондугун, жер-жерлерден көз карандысыз байкоочулар тарабынан актылар түшүп жаткандыгын билдирди. Ал эми 19-декабрда Нарын районундагы Дөбөр айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкер Ибрайымакун уулу Жанышбек добуштардын саноосу туура эмес болду деп райондук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылды.
Облшайлооком төрагасы Аманкул Молдалиев өз кезегинде мыйзам бузуу фактылары боюнча аларга бир дагы арыз түшкөн эместигин билдирди.



20-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча, 20-декабрда Кыргызстанда алда булут каптап турат. Кар жаашы күтүлбөйт. Түштүк-чыгыш тараптан ылдамдыгы секундасына -2..-7 метрге жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0...-5 градус суук, күндүз +12...+17 градус жылуу.
Талас дубанында түнкүсүн -3...-8 градус суук, күндүз +9...+14 градус жылуу.
Жалалабат, Баткен, Ош аймактарында түнкүсүн -4 градус сууктан +1 градуска чейин жылуу, күндүз +11...+16 градус жылуу болот.
Ысыккөл ойдуңу боюнча -2...-7 градус суук, күндүз +3...+8 градус жылуу.
Нарын жергесинде түнкүсүн -24...-29, күндүз -9...-14 градус суук.
Бишкек шаарында кар жаабайт. Сыдырым жел жүрөт. Абанын температурасы: түнкүсүн -1...-3 градус суук, күндүз +13...+15 градус жылуу болот.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Чолпон Орозобекова, Аманбек Жапаров жана облустук кабарчылар даярдашты.

Редактору Кубат Чекиров.

XS
SM
MD
LG